Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:15

Чоң-Алайда футбол аянты ачылды


Чоң-Алай. Футболдук стадиондун ачылышы.
Чоң-Алай. Футболдук стадиондун ачылышы.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 4000 орундуу, атайын стандарттарга туура келген ири футбол стадиону ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Футбол талаасы маданий иш-чараларды да өткөрүүгө ыңгайлаштырылып салынган. Райондук деңгээлдеги футбол талаасынын ачылыш аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, район акими Жумадилла Жапаров катышты.

Курулушту 14 млн. 700 миң сомго “Бекстрой” жоопкерчилиги чектелген коому салган. Каражат Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Стадион 2017-жылы салынып баштаган. (ErN/КЕ)

XS
SM
MD
LG