Чолпон-Атада өспүрүм баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында кечээ тогуз жаштагы бала жоголгонун билдирип ата-энеси милицияга кайрылган. Издөөнүн жүрүшүндө баланын сөөгү жакынкы пансионаттардын биринин жанында чоң жолдун четинен табылган. Маалыматка ылайык бала 1-топтогу майып болчу жана ал аутизмге чалдыккандыгы үчүн бала бакчага же мектепке барчу эмес.
Азыркы учурда экспертиза дайындалып, баланын киши колдуу болгон-болбогону иликтенип жатат. Бирок милиция кызматкерлери баланын мойнундагы тактарды көрүп, ал муунтулуп өлтүрүлүшү мүмкүн деген божомолду айтышууда. (AsM)