Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Жогорку Кеңештин депутаты "Эйр Кыргызстанды" Кытайга сатууну сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Адыл Жунус уулу "Эйр Кыргызстанды" Кытайга берүүнү сунуш кылды.

- "Эйр Кыргызстандын" коопсуз уча ала турган учагы жок экен. Менин угушумча, Кытайда кызыгуу бар экен. Ушуну Кытайдын компанияларына бербейлиби. Азыр Кытайдын көп компанияларында учактары ашып-ташып атыптыр. Эгер Кытайдын компаниясы сатып алса, "бул жакка 3-5 жылдын ичинде 12 учак алып келебиз" деген маалымат бар экен да. Эң жакшы болгон 2012-жылы 35 миллион сом киреше тааптыр. Бул бир ресторан же ишкананын эле кирешеси. Бул "Эйр Кыргызстандай" компания үчүн уят.

Кыргызстандын Транспорт министри Жамшитбек Калилов учурда кытайлык компаниялар аталган компанияга кызыгып жатканын ырастап, бирок ""Эйр Кыргызстанды" сата алабыз" деп айтуу кыйын экенин билдирди. Анын айтымында компанияда иштеген адамдардын айлыгын төлөй албагандан кийин, "муну сатабыз" деген чечим деле күмөн жаратат.

Бүгүн парламенттин Транспорт, коммуникация жана архитектуралык курулуш боюнча комитети "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын абалын талкуулоодо.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG