Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Нобелдин физика боюнча сыйлыгы үч илимпозго ыйгарылды


Нобелдин 2018-жылкы физика боюнча сыйлыгынын лауреаттары болуп Артур Ашкин, Жерар Муру жана Донна Стриклэнд аталды. 2-октябрь, 2018-жыл.
Нобелдин 2018-жылкы физика боюнча сыйлыгынын лауреаттары болуп Артур Ашкин, Жерар Муру жана Донна Стриклэнд аталды. 2-октябрь, 2018-жыл.

Нобелдин 2018-жылкы физика боюнча сыйлыгы “лазердик физикадагы жаңычылдык ойлоп табуулары” үчүн америкалык Артур Ашкинге, франциялык Жерар Муруга жана канадалык Донна Стриклэндге ыйгарылды. Бул тууралуу Стокгольмдогу Нобел комитети 2-октябрда билдирди.

Физика боюнча сыйлык быйыл 110-жолу ыйгарылып жатат. Былтыр ага үч америкалык илимпоз - Райнер Вайс, Барри Бариш жана Кип Торн гравитациялык толкундар жаатындагы иликтөөлөрү үчүн татыган.

Сыйлыкка кошуп бериле турган 1 миллион доллар каражатты үч окумуштуу бөлүп алат.

1901-жылы Швецияда Нобел сыйлыгы ыйгарыла баштагандан бери келаткан салтка ылайык, адегенде медицина жана физиология тармагындагы илимий ачылыштардын лауреаттары жарыяланат.

Башка тармактар боюнча 2018-жылдагы Нобел сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктоо ушул жумада уланат. Нобелдин химия боюнча жеңүүчүсү 3-октябрда белгилүү болот. Ал эми тынчтык сыйлыгы 5-октябрда жана экономика боюнча сыйлыгы 8-октябрда ыйгарылат. Нобелдин адабият боюнча сыйлыгы быйыл берилбейт.

XS
SM
MD
LG