Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Канатбек Азиз "Ата Мекенден" кетти


Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

"Ата Мекен" фракциясынын катчылыгынын төрагасынын орун басары Канатбек Азиз кызматтан кетти. Бул тууралуу юрист "Азаттыкка" өзү кабарлады.

- Мен "Ата Мекен" партиясынын мүчөлүгүнөн 2011-жылы эле, Борбордук шайлоо комиссиясына мүчө болуп барганда эле чыккам. Бирок бул партияга дайым эле жардам берип жүргөм. Акыйкатчынын орду бошогондо партиялаштарым менен сүйлөшүп, "улуттун, коомдун маселелери болуп атса, акыйкатчылыкка талапкерлигимди коюп атсам, партиянын кызыкчылыктары болбош керек" деп, "шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, фракциядан кетем" деген чечимди кабыл алгам. Бул жерде эч кандай таарынычтар жок. Айрымдар "акыйкатчынын шайлоосунан кийин Канатбек Азизди "Ата Мекендин" 11 депутатынын төртөө гана колдоптур, ошого таарынып кетип атат" дептип. Андай эмес. Өмүрбек Чиркешович менен да ооруканага барып, кучакташып, кол алышып, батасын алып чыккам. Ал мага оор учурда партия менен болгонум үчүн ыраазы экенин айтты. "Башка партияга өтүп атат" деген туура эмес. Бирок мен саясаттан кетпейм.

Канатбек Азиз коомдук-саясий ишмердигин, юридикалык, илимий ишмердигин уланта берерин айтты. Ал ошондой эле "алдыдагы шайлоого бирге баралы" деген сунуштар да түшүп атканын кошумчалады.

26-сентябрда өткөн акыйкатчыны шайлоодо жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Канатбек Азиз 19 депутаттын добушун ала алган. (KR)

XS
SM
MD
LG