Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:38

Бишкекте ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтүүдө


ЕККУнун жана Кыргызстандын байрактары.
ЕККУнун жана Кыргызстандын байрактары.

Бишкекте Европадагы Коопсуздук жана Кызматтыштык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны ишин баштады. Жыйын Борбор Азиядагы коопсуздук үчүн диалогду күчөтүү маселесине арналган.

Жыйынга уюмдун курамындагы 46 өлкөдөн 160дан ашык парламентарий келди.

Парламенттик ассамблеянын жыйынынын ачылышы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Ага ассамблея мүчөлөрү менен катар Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышууда.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын Бишкектеги жыйыны 5-октябрга чейин уланат. Бул күндөрү жыйынга келген парламентарийлер чек ара аймактарындагы коркунучтарды аймактык кызматташтык менен чечүүнүн жолдорун, Борбор Азиядагы жана Жер ортолук деңизинин аймагындагы миграция сыяктуу маселелерди талкуулашат.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы - уюмдун курамындагы өлкөлөр сунуш кылган 323 парламентарийдин башын кошкон уюм. Ал саясий, экономикалык, укук коргоо, коопсуздук жана экология жаатындагы парламенттик дипломатиянын аянтчасы болуп эсептелет. (BkA/KR)

XS
SM
MD
LG