Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Каракол жана Казарман аэропорттору 2019-жылы ремонттолот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол жана Казарман аба майдандары 2019-2020-жылдары ремонттолот. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы 11 аэропорттун бешөөнүн эл аралык макамы бар. Экөөнүн сертификаты жок болгондуктан учуу тилкеси талапка жооп бербегенине байланыштуу иши токтоп турат.

- Өткөн жылдан баштап Жалал-Абад, Баткен аба майдандары оңдолуп, ишке берилди. Планга туура келбесе да Кербен аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо жана аэровокзалын кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Жылдын аягына чейин бүтөт. Тамчы күнү-түнү иштей турган болуп, 90% жабдылды, - деди ал.

Учурда Жалал-Абадга, Баткенге жана Исфанага каттамдар жүргүзүлүүдө. Ал эми Казармандагы, Нарындагы, Таластагы, Караколдогу, Ысык-Көлдөгү жана Кербендеги аба майдандары көп пайдаланылбайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG