Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 14:31

АКШда Гүлендин короо-жайына куралчан адам кирүүгө аракеттенип, ок атылган


Фетхулла Гүлен жашаган жер. 2013-жылы тартылган сүрөт.

Бул тууралуу “Ассошейтед Пресс” маалымат агенттиги жергиликтүү полицияга шилтеме кылып кабарлоодо.

Андан алынган маалыматка караганда, Пенсильвания штатында куралчан сыяктуу көрүнгөн адам Фетхулла Гүлендин турак-жайы, кеңселери жайгашкан аймакка кирүүгө аракеттенген, ал жердин сакчылары эскертүү иретинде ок атып, андан кийин полиция чакыртылган.

"Коргондун ичине кирүүгө аракеттенди" деп шек саналган адам табылган эмес, полиция иликтөө иштери уланып жатканын билдирди.

Кошмо Штаттарда акыркы жыйырма жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашаган Фетхулла Гүленди расмий Анкара 2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келатат.

Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТО деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган өткөн аптада эле Германияда болгон кезинде бул уюмду террористтик деп таанууга чакырды.

Буга чейин президент Эрдогандын жактоочулары Пенсильванияда Гүлен жашаган жердин дарбазасы алдында нааразылык акцияларын уюштурса, Гүлендин жактоочулары түрк бийлигин "аны уурдоону көздөп жатат" деп айыпташкан. (UE)

XS
SM
MD
LG