Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:17

Ош мэриясы акы төлөнүүчү автотоктотмолорду жойду


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарында акы төлөнүүчү автототмолор жоюлат. Мындай буйрукка Ош шаарынын башчысы Таалай Сарыбашев кол койду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Буйрукка ылайык, буга чейин акы алынып келаткан 26 автотоктотмо жокко чыкты. Муну менен Автотоктотмолор дирекциясы да жоюлду.

Буга чейин калаа башчысы акы алынып келаткан автотоктотмолор бир ууч гана аткаминерлердин жемсөөсүн толтуруп калганын, ага шаар тургандары нааразы болуп жатканын айтканы бар.

Буга чейин Ош шаарындагы жалпы колдонуудагы жолдор акы алынуучу автотоктотмолорго айланып кеткен эле. Уруксат берилген 10 сомдун ордуна айдоочулардан 20 сомдон алынып келген.

Мурунку мэр Мелис Мырзакматовдун учурунда “Автогараждар дирекциясы” деген ишкана түзүлгөн. Ал ишкана шаар казынасына ири киреше түшүрөрү күтүлгөн. Иш жүзүндө шаардагы жалпы колдонуудагы жолдорго уюштурулган акы алынуучу 26 автотоктотмодон шаар казынасына күнүнө беш миң сомго жетпеген гана акча түшүп жаткан. Ал каражаттардын бир жылдык көлөмү эки миллион сомго да жеткен эмес. (YI)

XS
SM
MD
LG