Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Бишкектеги жолдорго жүргүнчүлөр үчүн эскертүүлөр жазыла баштады


"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин активисттери Бишкек шаарындагы жолдорго жүргүнчүлөр үчүн эскертүүлөрдү жаза баштады.

Демилгечилердин айтымында, жүргүнчүлөрдү автоунаа коюп кеткен учурлар көп жана бул көрүнүшкө элдин жолдон өтүп жаткан этибарсыздыгы, жолдо телефон "чукуган" окуялар себеп болот.

Адамдарды дыкат болууга чакырган эскертүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде жазылууда:

«Баланы колдон чыгарбаңыз!» – «Возьмите ребенка за руку!».

«Кулакчынды чечиңиз!» –«Снимите наушники!».

«Телефонго алаксыбаңыз!» – «Не отвлекайтесь на телефон!».

«Өткөөлдүн коопсуздугуна ынангыла!» – «Убедитесь в безопасности перехода!».

Эскертүүлөр Чүй көчөсү менен Гоголь, Шопоков, Эркиндик, Исанов, Турусбеков, Жаш Гвардия көчөлөрү кесилишкен жерлерге жазылды.

XS
SM
MD
LG