Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:33

Таласта "Чыңгыз ордо" комплексинин курулушу башталды


Спикер Дастанбек Жумабеков комплекстин пайдубалына капсула салып жаткан кез.
Спикер Дастанбек Жумабеков комплекстин пайдубалына капсула салып жаткан кез.

Талас облусунун Шекер айылында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун урматына "Чыңгыз ордо" маданий комплексинин курулушу башталды.

6-октябрда парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган расмийлер барып, алгачкы пайдулабын куюлду.

Өкмөттүн токтому менен "Чыӊгыз-Ордо" маданий комплексин курууга Шекер айылынан 15 гектар жер бөлүнгөн. Андан тышкары, республикалык бюджеттин эсебинен жазуучунун өз айылындагы үй-музейи оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Курулуштун жалпы суммасы 500 миллион сом болору айтылган. Ал сегиз этап менен бүтүрүлөт. Качан аягына чыгары азырынча маалым эмес.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Шекер айылында төрөлгөн. 2008-жылы жашоо менен кош айтышкан. Быйыл жазуучунун 90 жылдык маарекеси республикалык жана эл аралык деңгээлде белгиленүүдө. (AlS)

XS
SM
MD
LG