Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Уланбек Эгизбаев "Улут абийири" наамына татыктуу деп табылды


Уланбек Эгизбаев
Уланбек Эгизбаев

"Азаттыктын" журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев "Улут абийири" наамына ылайык деп табылды. Бул сыйлыкты Интеллектуалдар альянсы негиздеген "Чеч-Дөбө" кеңеши ыйгарат. Сыйлыктын толук аталышы - Салижан Жигитов атындагы "Улут абийири" наамы.

Бул сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген.

Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган сыйлыктын статуэткасы, акчалай сыйлыгы жана диплому 18-октябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө тапшырылат. Ага ата-энеси, жубайы чакырылат.

"Чеч-Дөбө" кеңешинин интеллектуалдар альянсынын 19 мүчөсү бар. Арасына коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, публицисттер жана башка тармактын өкүлдөрү кирген.

Курч иликтөөлөрү менен таанылган журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Жасаган эмгектери эске алынып, Эгизбаевге көз жумгандан кийин "Эрдик" медалы ыйгарылган. Аны президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда ата-энесине тапшырды.(SE)

XS
SM
MD
LG