6-октябрда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин катышуусунда жыйын өттү. Министрлер уюшкан кылмыштуу топторго, экстремизмге жана терроризмге каршы туруу жана өлкөлөр чектешкен аймактардагы коопсуздукту сактоо тууралуу сүйлөштү. Жыйынтыгында биргелешкен жыйындын протоколуна жана кызматташуу боюнча документтерге кол коюшту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Мындан тышкары Кыргызстан менен Өзбекстандын министрлери кылмыштуу топтор менен күрөшүү жана тажрыйба алмашуу боюнча документке кол коюшту.
Чолпон-Атада биринчи жолу өткөн мындай жыйынга Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Тажикстандан Рамазон Хамро, Казакстандан Калмуханбет Касымов, Өзбекстандан Пулат Бобожонов катышты. (TSh)