Улуттар Уюмунун эксперттери чукул арада глобалдык жылуулукка каршы чекиндүү чара көрүп, абанын табынын көтөрүлүшүн 1,5 градустан өткөрбөй кармап туруунун зарыл экенин белгилешет.
“Коомдо чукул жана кеңири масштабда өзгөрүүлөр болгондо гана” Жердеги абанын температурасын ошондой деңгээлде кармап турса болот. Бул тууралуу Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөт аралык топтун (Intergovernmental panel on climate change - IPCC) Инчхон шаарында дүйшөмбүдө жарыяланган баяндамасында айтылат.
Эксперттердин эсебинде, бул үчүн энергетика секторун реформалоого 2,1 миллиард евро зарыл. 2030-жылга чейин абага чыккан көмүр кычкыл газынын көлөмүн 2010-жылга салыштырмалуу 24% азайтыш керек. 2050-жылы бул көрсөткүч нөлгө жетиши зарыл.
Былтыр жыл этегинде Францияда Париж макулдашуусунун эки жылдыгына карата “Бир планета” саммити өткөн. Анын максаты планетанын жаратылышын сактап калыш үчүн ортодон каражат табуу эле.
2015-жылы Парижде кол коюлган макулдашууга ылайык, 2025-жылга чейин абага чыккан уулуу газдардын көлөмү 26-28% азайышы керек.
Атмосфераны булгаган газдардын 10% Евробиримдик өлкөлөрүнө тиешелүү болсо, 40-45% дүйнөдө экономикалык жактан биринчи жана экинчи орунда турган АКШ менен Кытайдын үлүшүнө туура келет. Эки өлкө тең Киото протоколуна кошулган эмес.