Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Ингушетияда жер айырбаштоого каршы нааразылык уланып жатат


Магас шаарындагы нааразылык акциянын катышуучулары, 7-октябрь, 2018-жыл.
Магас шаарындагы нааразылык акциянын катышуучулары, 7-октябрь, 2018-жыл.

Ингушетияда Чеченстан менен административдик чек араны аныктаган карама-каршылыктуу келишимге нааразы болгондордун митинги уланып жатат. Беш күндөн бери бийликтин уруксатысыз өтүп жаткан каршылык акцияларын улантууга дүйшөмбүдө жергиликтүү администрация уруксат берди.

Магас шаарындагы акцияга канча адам катышып жатканы так белгисиз. Митингдин уюштуруучусу Муса Малсаговдун айтымында, 9-октябрдан тарта беш миңдей киши катышкан ири акциялар өтмөй болду. Нааразылыкка чыккандар Чеченстан менен Ингушетия жумуртияттарынын ортосунда келишилген макулдашууну жокко чыгарып, чечендер менен жер айырбаштоо боюнча маселени республикалык референдумга чыгарууну талап кылып жатышат.

Бир күн мурда демонстранттарга Ингушетиянын экс-президенти Руслан Аушев чыгып, элдин талабын колдоду. Эки жумурияттын ортосундагы жер айырбаштоону караган келишимге 26-сентябрда кол коюлуп, Ингушетия парламенти ратификациялаган.

XS
SM
MD
LG