Америкалык экономисттер Пол Ромер жана Уильям Нордхаус климаттын өзгөрүүсү менен технологиялык инновациялардын интеграциясына жасаган макроэкономикалык анализи үчүн дүйнөлүк сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Швециянын Падышалык академиянын Нобел комитети 8-октябрда жарыялады.
Пол Ромер технологиялык инновациялардын узак мөөнөттүк анализин жасаса, экинчи илимпоз Уильям Нордхаус климаттын өзгөрүүсүн иликтейт.
Эки илимпоз тең узак мөөнөттүк жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү иликтеп, замандын олуттуу маселелерине жооп табуунун үстүндө талбай эмгектенип келишет.
Эки экономист тең технологиялык инновация менен климаттын өзгөрүүсүнүн себептерин жана кесепеттерин түшүнүүдө дүйнөлүк илимге бараандуу салым кошту деп таанылды.