Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Түркия Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугун тинтүүгө уруксат сурады


Стамбулдагы Сауд Аравиянын консулдугунун алдындагы Хашогинин тарапташтары. 5-октябрь, 2018-жыл.
Стамбулдагы Сауд Аравиянын консулдугунун алдындагы Хашогинин тарапташтары. 5-октябрь, 2018-жыл.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугунун имаратында тинтүү жүргүзүүгө уруксат сурап, Эр Риядга өтүнүч жиберди. Бул тууралуу дүйшөмбүдө NTV телеканалы кабарлады. Оппозициялык журналист Жамал Хашогги дайынсыз болгондон бери Түркиянын тышкы иштер мекемеси саудиялык элчини эки жолу чакыртты.

Түрк бийлигинин өкүлдөрү бир апта мурун жоголгон Хашогги Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болушу мүмкүн деп боолголойт.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган журналисттин жоголушун иликтеген ишти өз көзөмөлүнө аларын билдирди.

Журналист жоголгону тууралуу кабар 2-октябрда тарады. Анын колуктусунун айтканына караганда, Хашогги Сауд Аравиянын консулдугуна кирген бойдон чыккан эмес.

Сауд Аравия өз дарегине айтылгандарды четке кагып жатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти кырдаалга кылдат көз салып турганын билдирди.

59 жаштагы Жамал Хашогги бир катар телеканалдарды, гезиттерди жетектеп, ВВС, "Аль-Жазира" өңдүү маалымат каражаттарына баяндамачы болгон. Мекенинде бийликти, анын ичинде такты мураскери Мухаммад бин Салмандын саясатын сындаган макалалары менен белгилүү. Өмүрүнө коркунуч бар экенин айтып, былтыр Сауд Аравиядан чыгып кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG