Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн Елисей сарайында француз президенти Эммануэл Макрон тосуп алды.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин президенттер бир нече документке кол коёт деп күтүлүүдө. Маалыматтарга караганда, негизги басым экономикага жасалып жатат.
Президент Шавкат Мирзиёевдин Парижге сапары алдында Өзбекстан Франциянын жарандары үчүн виза режимин жойду. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, Франциянын жарандары Өзбекстанда эми 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. (UE)