Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
2-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган Кулубаевдин талапкерлигин жактырган.
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси эки жылдан бери дайындала элек болчу. Акыркы жолу 2016-жылы Эсенгул Өмүралиев элчиликти тапшырып берген соң кыргыз бийлиги бул өлкөгө элчи дайындабай келген.
Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. Ал буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кытайдагы элчилигин жетектеп жүргөн. Акыркы кезде ал Тышкы иштер министрлигинде Азия жана Африка боюнча департаментин жетектеп келген. (ErN)