Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагынын кызматкерлеринин V съезди башталды. Ага жалпысынан 400дөн ашуун адам катышып жатат. Жыйында КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүүнүн сапаты талкууланып, тажрыйба алмашуу болот.
Мектепке чейинки, орто жана жогорку билим берүү маселелери күн тартибиндеги негизги багыттар болмокчу.
Жыйындын ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, КМШ өлкөлөрү дагы да болсо планетада жашаган элдердин эң билимдүү бөлүгү экенин айтты. Ал советтик билим берүү системасы коомдун ошол кездеги керектөөлөрүнө жараша болуп, экономиканын мамлекеттик башкаруунун жана коргоонун талаптарына жооп бергенин белгилеп, азыркы учурдун өз талаптары бар экенин кошумчалады.
"Мектепте билим берүүнүн артыкчылыгын сактоо менен биз балдарды эрте жашында өнүктүрүүгө жана мектепке чейинки билим берүүгө көп көңүл бурушубуз зарыл. Билим берүү менен катар мектептин тарбиялык функциясы сакталып эле калбастан, азыркыдан да чоңураак мааниге ээ болот. Бул иште ата-энелер коомчулугу менен мектеп өнөктөш болушу керек. Акыркы жылдары биз муну унута баштадык" деди президент.
Съезд ишин 12-октябрга жыйынтыктайт. (BTo)