Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:58

Орус футболчулары камакка алынды


Мамаев жана Кокорин оюн талаасында.
Мамаев жана Кокорин оюн талаасында.

"Краснодар" клубунун жарым коргоочусу Павел Мамаев менен "Зениттин" чабуулчусу Александр Кокорин полициядагы сурактан кийин 48 саатка камакка алынды. Экөөнүн бөгөт чарасы 11-октябрда аныкталышы керек.

Москвадагы тергөө башкармалыгына Мамаев 10-октябрда күндүз, Кокорин кечинде келген.

Спортчулар 8-октябрда кафеде мас абалында эки жолу жаңжал чыгарып, жанындагыларды уруп-сабап жиберишкени кабарланган.

Күнөөлүү экени далилденсе эки футболчу беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. "Краснодар" Мамаев менен келишимди дароо үзөөрүн билдирди. "Зенит" клубу тергөө бүткүчө күтмөк болду.

XS
SM
MD
LG