Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Скрипалдардын ууланышы боюнча үчүнчү кишинин аты аталды


Скрипалдар эстен танып жыгылган жер текшерилип жаткан учур. 8-март, 2018-жыл.
Скрипалдар эстен танып жыгылган жер текшерилип жаткан учур. 8-март, 2018-жыл.

Орусиялык "Фонтанка" гезити Скрипалдардын ууланышына шектүү үчүнчү кишинин аты-жөнү Сергей Федотов экенин жазып чыкты. Ал Британияга башка эки шектүү менен кошо келген жана Скрипалдар эстен танып жыгылган күнү кайра чыгып кеткени кабарланды.

Гезит бул маалыматтарды аты аталбаган маалымат булактарына таянып жазды. "Фонтанка" "британ полициясы үчүнчү шектүү тууралуу маалыматты кийинчерээк чыгарууну көздөп жатат" деп ырастайт.

Орусиянын мурдагы тыңчысы, Британияда жашап жаткан Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө Солсбери шаарында быйыл 4-мартта ууланып, ооруканага түшкөн.

Британ бийлиги Скрипалды Орусиянын Башкы штабынын башкы башкармалыгынын Руслан Боширов жана Александр Петров деген ысымдар менен жүргөн чалгынчы офицерлери ууландырган деп шек санайт. Лондон "аларды Кремль жумшаган" деп негиздеп, дипломатиялык жаңжал уланууда. Орусия дооматтарды четке кагып, "Боширов менен Петров чалгынчылар эмес" деп билдирет. Шек саналгандар өздөрү Солсбериге турист катары барганын айтышкан.

Ал арада "Bellingcat" иликтөөчүлөр тобу "Бошировдун чын аты Анатолий Чепига, "Орусиянын баатыры" наамын алган, полковник даражасындагы чалгынчы" деп иликтеп чыкты. "Ал эми Петровдун чын аты - Александр Мишкин, чалгын офицери, аскер дарыгери" деп ырастоодо.

XS
SM
MD
LG