Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:41

Ташкентте элчиликтерди кайтарган милиция кызматкерлери пахта теримге жөнөтүлдү


Пахта терүүгө жөнөтүлгөн милиция кызматкерлери жашаган жер. Ташкент облусу, Чиназ району.
Пахта терүүгө жөнөтүлгөн милиция кызматкерлери жашаган жер. Ташкент облусу, Чиназ району.

Ташкентте дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү жана консулдуктарды кайтаруу батальонунун кызматкерлери пахта теримге мажбурлап жөнөтүлдү.

Кызматкерлердин бири “Азаттыктын” өзбек кызматына: “Бизди пахта терүүгө жөнөтүштү, тамак-ашты өз чөнтөгүбүздөн камсыздап жатабыз. Ал жерде шарт өтө начар. Аткаминерлер келгенде, баары жакшы экенин, эч ким бизди пахта терүүгө зордоп чыгарбаганын айтышууда”, - деп кат жазган.

Каттын авторунун жазганына караганда, кызматкерлерди мажбурлап пахта териме жөнөтүү үчүн ички иштер министри өзү буйрук берген.

– Пахта теримге алгач батальондун 250 кызматкери жөнөтүлдү, 10-октябрда дагы 50 кызматкерди башка районго жиберишти. Дагы 100 кызматкер керек экенин айтышты. Нөөмөттө турган кызматкерлерге иттен жаман мамиле кылышат. Офицерлер каалаган маалда үйүнө барып келет. Биз норма тапшырсак гана бара алабыз. Эки күнгө үйгө барыш үчүн 200 миң сум төлөш керек. Жол чыгымдарын кошкондо ал 300 сумга чыгып кетет, – деди ИИМ кызматкери.

Учурда ИИМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери Ташкент облусунун Чиназ районунда пахта терип жүрүшөт. Буга чейин ИИМ академиясынын курсанттары мажбурап пахта теримге жөнөтүлгөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG