Линктер

РУС

Серверде ката

Oops, as you can see, this is not what we wanted to show you!

This URL has been sent to our support web team to look into it immediately. Our apologies.

Please use Search above to see if you can find it elsewhere

site logo site logo
ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Москвада жүргүнчүлөрдү сүзгөн кыргызстандык жазасын эркиндикте өтөмөй болду


Чыңгыз Анарбек уулу.
Чыңгыз Анарбек уулу.

Москванын Тверь соту кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулуна карата чыгарган өкүмүн угузду. Адвокаттар мурда сурангандай эле, ал жаза мөөнөтүн түрмөдөн тышкары өтөмөй болду.

ТАСС агенттиги кабарлагандай, Анарбек уулун 1 жыл 6 ай мажбурлап иштетип, 500 миң рубль төлөтмөй болушту. Мындан тышкары, ал үч жыл машине айдоо укугунан ажыратылат.

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кылмыш ишин козгогон. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши анча оор эмес жараат алган.

Кийинчерээк айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экени белгилүү болгон. Суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле ичкилик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирип, жабыркагандардан ыйлап кечирим сураган. (RK)

XS
SM
MD
LG