Кылычбек Султан Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Жакында Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.
Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Анда ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныкталганы айтылат. Ошол эле учурда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталган.
Бир аз мурдараак президенттин жарлыгы менен Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан алынды. Абдылдаев иштен өз каалоосу менен кеткенин жарыялады.
Кылычбек Султан "Фейсбуктагы" жеке баракчасына: "Бул бийликти таануудан баш тартам. Чет өлкөдөн саясий башпаанек сурап кайрылдым" деп жазды. (RK)