Казакстан Кыргызстандан эт азыктарын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу бүгүн казак Айыл чарба министрлиги расмий кабарлады.
Мекеме тараткан билдирүүдө Кыргызстанда малдын ылаңы боюнча абал жакшы эмес болуп жатканына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганы айтылат.
Кыргыз тарап мындай чечимге макул болбой, расмий кайрылуу даярдап жатканын бүгүн “Азаттык” радиосуна Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын Чек ара көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөнбек Рысалиев билдирди:
- Казакстан тарапка азыр кат даярдап жатабыз. Себеби 2015-жылдан бери бизде бир да өтө жугуштуу ылаң катталган эмес. Эпизоотиялык абал туруктуу. "Эмне себептен тыюу салдыңыздар?" деп сурап кат жөнөтүп жатабыз. Бул жумуш процессинде чечиле турган нерсе.
Чектөө «Риха», «Кант нан заводу», «Баркад», «Салих ЛТД» жана «Адал-Азык» ишканаларына карата киргизилди.
9-октябрда Кыргызстандын Ветеринардык жана санитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Казакстандан тоок этин ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген. Аталган органдын басма сөз катчысы Рахат Садырбекованын айтымында, коңшу өлкөнүн Кыргызстан менен чектеш аймактарында куш тумоосу боюнча маалыматтан улам ушундай чечим кабыл алынган. (RK)