Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Курулуш материалын чыгарган кыргыз-орус ишканасын ачуу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Курулуш материалдарын чыгарган кыргыз-орус биргелешкен ишкана ачуу сунушталды. Бул тууралуу ишемби күнү Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде “Курулуш материалдарын алып сатуу бизнесиндеги мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү” деген темада тегерек үстөлдө айтылды.

Маалыматка караганда, ага 20дан ашуун ушул багытта иштеген кыргыз жана орус компанияларынын өкүлдөрү, элчиликтин өкүлдөрү катышты. Анда курулуш тармагындагы көйгөйлөр, кызматташтыкты жеңилдетүүнүн жолдору, курулуш материалдарды сатып алуу жана өткөрүү, чыгашаны кыскартуу сыяктуу маселелер козголду. Тегерек үстөлдүн катышуучулары Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгарган биргелешкен ишкана ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Катышуучулар курулуш тармагында ишкердик менен алектенген кыргызстандык мекендештердин ресурстарын бириктирип, курулуш материалдарынын негизги түрлөрүн чыгарган жаңы өндүрүш ачуу демилгесин да көтөрүштү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG