Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстанда бүгүн Жашыл экономика жумалыгы башталат


Күн батареясы.
Күн батареясы.

Иш-чаранын алкагында 15-октябрдан 21-октябрга чейин "жашыл экономика" боюнча талкуулар, окуулар болот. Жумалыкты Экономика, Айыл чарба жана мелиорация министрликтери "Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit" (GIZ), БУУ жана «БизЭксперт» талдоо борборунун катышуусунда уюштуруп жатат. Бүгүн Бишкекте жерди туура иштетүү боюнча семинар өтөт. Жашыл экономика жумалыгы Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулууда.

Кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери "мамлекет "жашыл экономикага" өтсө өнүгөт" деген максат коюп келет.

"Жашыл экономика" жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана айлана-чөйрөгө зыян тийгизбөө принцибинде ишке ашууга тийиш.

Буга чейин Кыргызстан Париж келишимине кошулуп, абага зыяндуу газдарды чыгарууну 30% чейин азайтууга милдеттенме алган. (NT)

XS
SM
MD
LG