АКШ президенти бул тууралуу америкалык СBS телеканалы менен болгон маегинде айтты.
Алып баруучу "Путин өзүн сындагандардын киши колдуу болушуна катышы бар" деген пикирге Трамп макул же макул эмес экенин сураганда, ал “ооба, балким, балким” деп жооп берди.
АКШнын президенти мында Путинди сындап жүрүп ууландыруу аркылуу же башка шектүү жагдайларда мерт болгон адамдардын кимисинин өлүмүнө орус президентинин "балким" тиешеси бар деп эсептегени белгисиз.
Путиндин киши колдуу болгон таанымал сынчылары арасында 2006-жылы атылган журналист Анна Политковская, 2015-жылы атылган саясатчы Борис Немцов да бар.
Кремль алардын өлүмүнө тиешеси бар экенин такай четке кагып келет.
СBS телеканалынын журналисти АКШнын саясий системасына Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу Трамптан кайрадан сураганда, ал буга макул болду, бирок Кытай да кийлигишкенин кошумчалады.
АКШда 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү али уланууда. (UE)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө