Казакстандын мамлекеттик "КазТрансГаз" компаниясы Кытайга 2019-жылдан тартып 10 млрд. куб метр көгүлтүр отун сатуусун караган келишимге Бээжинде кол коюлду.
Казак компаниясынын басма сөз кызматы билдиргендей, келишим беш жылга эсептелген. Кытай тарапка жылына 10 миллиард куб газ сатылган учурда сооданын жылдык көлөмү эки миллиард долларды түзгөн болот.
Буга чейин "КазТрансГаз" компаниясы Кытайга жылына беш миллиард куб метр көгүлтүр отун сатып келген.
“КазТрансГаз” Казакстандын мамлекеттик “Самрук Казына” фондунун курамына кирет. (UE/MTO)