Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Сауд Арабиясы Хашоггинин дайынсыз жоголушун иликтөөгө чакырды


Сауд Арабиясы. Эр-Рияд. 16-октябрь, 2018-жыл.
Сауд Арабиясы. Эр-Рияд. 16-октябрь, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 16-октябрда Сауд Арабиясынын бийлигин сындап жүргөн журналист Жамал Хашоггинин тагдырын талкуулаш үчүн Эр-Риядга шашылыш барып, падыша Салман жана мураскер канзаада Мухаммед бин Салман менен сүйлөштү.

Жолугушуудан кийин мамлекеттик катчы журналисттерге маалымат бериши күтүлүп жаткан. Бирок АКШнын Мамлекеттик департаменти сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу кыскача гана маалымат таратты. Анда Сауд Арабиясынын падышасы жана канзаада Хашоггинин жоголушу кылдат иликтениши керек экенин айтканы белгиленген. Помпео Сауд Арабиясынан кийин окуя болгон Түркияга барат.

Буга чейин АКШ эгерде Сауд Арабиясы журналисттин жоголушуна тиешеси бар болсо “катаал жазага” туш болорун билдирген. Эр-Рияд бул ишке аралашпаганын, опузага же жазага эки эсе кубаттуу жооп кайтарарын эскертүүдө.

Акыркы жылдары падышалыктын бийлигин сындап жүргөн Жамал Хашогги быйыл 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз. Түркиянын атайын кызматы Хашогги өлтүрүлгөнүн, денеси кескиленгенин билдирген. 15-октябрда консулдукка кирген түрк иликтөөчүлөрү буга далил болчу кан же башка заттын белгилерин издеп жатышат.

XS
SM
MD
LG