Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 11:08

Кишиневде Эрдогандын сапарына тушташ нааразылык акциясы болду


Түркиянын Кишиневдогу элчилиги астындагы нааразылык. 17-октябрь, 2018-жыл.

Режеп Тайип Эрдогандын Молдовага эки күндүк сапарына нааразылык билдирген ондогон адам бүгүн Түркиянын Кишиневдогу элчилигинин алдына барды. Алар “диктатурага”, “мафияга” каршы ураан-чакырыктарды кыйкырып турушту.

Демонстранттардын бири “Молдованын Эрдоганга сатылуу тобокелдиги бар” деген плакатты кармап турду.

Мындан бир нече апта мурда Молдованын жана Түркиянын коопсуздук кызматтары Кишиневдон түркиялык жети мугалимди кармашып, алар 6-сентябрда өлкөдөн чыгарылган.

Мугалимдер Кишиневдо расмий Анкара 2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракети үчүн айыптаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылына байланышы бар мектептин кызматкерлери болгон.

Президенттер Режеп Тайып Эрдоган жана Игорь Додон. Кишинев, 17-октябрь, 2018-жыл.
Президенттер Режеп Тайып Эрдоган жана Игорь Додон. Кишинев, 17-октябрь, 2018-жыл.

Эрдоган бүгүн Кишиневдогу сөзүндө молдован бийлигинин аракетин кубаттап, “көйгөй жаралганда достордун бири-бирине жардам бергени көнүмүш нерсе” деп белгиледи.

Ал жана президент Игорь Додон Түркия менен Молдованын “стратегиялык кызматташтыгы” боюнча декларацияга кол коюшту.

Эки президент Кишиневдо, Түркиянын жардамы менен жаңыланган президенттик сарайды ачышты. Кишиневдогу басма сөз жыйында Молдованын президенти Додон Түркияны “өтө маанилүү өнөктөш” деп атады.

Эрдоган 18-октябрда Молдованын Гагаузия автоном аймагына барганы жатат. Аймакта орус-провослав динин кабыл алган түрк тилдүү гагауздар жашайт. (UE)

XS
SM
MD
LG