Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго издөө жарыялады. “Шопур” деген каймана ат менен белгилүү болгон Илмияновго тагылган айыпты айрым талдоочулар Атамбаевдин опурталдуу кадр саясатынын натыйжасы катары сыпаттайт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимине кирип, анын жакын кеңешчилеринин бирине айланган Икрамжан Илмияновго 18-октябрда сыртынан айып коюлду.

Анын эртеси күнү, 19-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага издөө жарыялады. Күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактардын маалыматына ылайык, ал президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турган кезде ишкерден 150 миң доллар пара алган деп шек саналууда.

"Шопур" деген каймана ат менен таанылган Икрамжан Илмияновдун кайда экени тууралуу так маалымат жок. Коопсуздук кызматынын расмий билдирүүсүнө ылайык ал Кыргызстандан ушул жылдын июнь айында чыгып кеткен. Айрым депутаттардын маалыматына караганда учурда Илмиянов Орусиянын Казан шаарында ишкерлик менен алектенип жүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Илмиянов партия мүчөлөрү менен акыркы жолу быйыл жай айларында байланышка чыкканын "Азаттык" радиосуна кабарлаган.

- Ал учурда Илмиянов Москвада болчу. Апасын ооруканага дарылатыш үчүн алып кеткенин билдирген. Андан бери байланыша элек. Негизи эле Икрамжан Илмиянов былтыр президенттик шайлоо аяктаган соң "саясаттан чарчадым" деп партиялык иштерден алыстаган, - деди Жолдубаева.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Марат Иманкулов Икрамжан Илмияновго эл аралык издөө жарыялаш үчүн айныксыз далилдер керек экенин айтып, тергөөдө андай далилдер бар деген пикирде:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Ага издөөгө жарыялаш үчүн кылмыш иши козголушу керек, - дейт ал. - Кылмыш иши козголгондон кийин ага сыртынан болсо да айып коюлушу керек. Эмне иш менен айыпталып жатканын аныкташ керек да. Болбосо, айып кое албасаң аны башка мамлекеттен кандайча экстрадиция кыла аласың? “Шек саналып жатат” деген жетишсиз. Миңдеген адамдар шек санала бериши мүмкүн. Бирок арыз түшкөндөн кийин, иш козгогондон кийин булар тергөө амалдарын жүргүздү да? Демек, тергөөчүлөр тергөө учурунда кыйыр түрдө болсо да кандайдыр бир далилдерди таап чыгышты.

Айрым талдоочулар Икрамжан Илмияновду камоо тууралуу чечим Алмазбек Атамбаевдин опурталдуу кадр саясатынын натыйжасы болду деген ойдо. Алардын бири Алмазбек Акматалиев эми экс-президент Атамбаевдин да чуулгандуу иштеринин бети ачыла башташы мүмкүн деген ойду жокко чыгарбайт.

- Шопурун аппараттын жетекчисине чейин алып барды, катчысын депутат кылды, жансакчысын генерал кылды, бөлүм башчысын премьерге чейин жеткизди. Эгер кадр саясаты туура жүрсө, алардын же тажрыйбасы же билим деңгээли ал кызматтарга барууга эч мүмкүнчүлүк бермек эмес. Кадрларынын былыктары мына эми чыга баштады. Экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу маселе да жөн жерден көтөрүлгөн жок, менимче. Азыркы бийлик укуктук жолдон чыкпай иштегенге аракет кылып жатат. Эгер кимдир-бирөөнүн коррупциялык кыңыр иштери ачыкка чыгып далилденсе, ал президент болобу, сот болобу, Кыргызстандын бардык жарандарындай эле жоопко тартылышы керек.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Икрам Илмиянов ага кылмыш иши козголорун сезип, өлкөдөн атайын чыгып кеткенин "Азаттыкка" билдирди:

- Бул жакка алып келип тергөө жүргүзсө, анын соттор аркылуу бирөөлөрдүн мүлкүн тартып алган фактылары, кен байлыктарды жең ичинен арзан баага сатканы, бажыдагы чуулгандуу иштер боюнча Илмияновдун “кулагы” чыгат. Анткени элдин баары көмүскө иштердин артында Илмиянов турганын билет. Ал өзү да бир нерсени сезип кетип калган. Укук коргоо органдары да бир арыздын негизинде иш алып барышы керек да. Бирок ал эртели-кеч ушундай болорун билип чыгып кеткен. Бирок азыр биздин укук коргоо органдарынын аны алып келип, жоопко тартууга толук шарты бар.

2017-жылдын ноябрь айында андагы президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп иштеген Икрамжан Илмиянов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев Илмиянов аны менен 18 жашынан бери иштеп келгенин айтып мактаган.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

- Ал 18 жашынан бери 25 жыл мени менен иштейт. Алардын ар бир жылы беш жылга тете десем болот. Ал мени менен ар кандай нерсени башынан өткөргөн. Аны бакиевчилер кармап алып, башына пакет кийгизип кыйнаган. Кыргызда сөз бар эмеспи, “вазир жакшы - хан жакшы” деген. Мен кантип өзүмдүн вазирлериме сыйлык бербей коем? Алар сыйлыкка татыды.

Икрамжан Илмиянов 1975-жылы Баткендин Лейлек районунда туулган. Бир нече жыл бою «Кыргызавтомаш» жана «Электротехник» акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштегени белгилүү.

Президенттин сайтындагы маалымат боюнча Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 2009-2010 - жылдары «Медиа форум» ачык акционердик коомунда экономист болуп иштеген.

Апрель окуясынан кийин Алмазбек Атамбаев алгач Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары, андан кийин премьер-министр болуп турганда анын жардамчысы болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG