Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Коррупцияга каршы күрөш эсеби 5 миллиондон ашык сом менен толукталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 5 миллион 233 420 сом которгонун жарыялады.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 190 миллион сомдон ашты.

Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн.

Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жана Ички иштер министрлигине коррупционерлерден кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG