Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Илмияновдун иши: кечээ көргөн бүгүн жок


Икрамжан Илмиянов сот имаратында. 20-октябрь, 2018-жыл.
Икрамжан Илмиянов сот имаратында. 20-октябрь, 2018-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары белгилүү болгон Икрамжан Илмияновдун камалышы кыргыз бийлигиндеги көмүскө таасири чоң адамдар жана алардын саясий тагдыры тууралуу талкууну жандантты.

Коомчулукта "Шоопур" деген каймана ат менен таанылган Илмияновго карата кылмыш иши 28-сентябрда эле козголгону, ал "Алдамчылык" беренеси менен айыпталып жатканы белгилүү болду.

Айрым байкоочулар Илмияновдун камалышы ириде азыркы бийликке сабак болушу керек деп эсептешет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу эмгиче расмий комментарий бере элек. Тактала элек маалыматка ылайык, ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда кайсы бир ишкерден 150 миң доллар пара алганы тууралуу арыз түшкөн.

Эмнеси болсо да мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда премьер-министрдин, президенттин жардамчысынан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарына чейин көтөрүлгөн Илмияновдун камалышы саясий чөйрөдө ар кандай пикирлерди жаратты.

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун пикиринде, Алмазбек Атамбаевдин тушунда үй-бүлөлүк башкаруу президенттин эң ишенимдүү адамдарына өттү:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

- Мурда, Бакиевдин, Акаевдердин тушунда үй-бүлөлүк башкаруу болсо, Атамбаев жеке өзү көзөмөлдөдү. Бирок “аялын, балдарын аралаштырды” деген сөз чыкпасын деп алардан да жакшы көргөн Илмияновдор менен башкарды да. Ошол эле Илмиянов шайлоодо Сооронбай Жээнбековго жардам берген, бир командада, бир партияда болгон. Бирок бийлик-байлык бөлүшө албай калышты. Азыр эми бийлик "коррупция менен күрөшүп жатам" дейт, Атамбаев болсо "мени сатпагандарга куугунтук башталды" деп жатат. Эки тарапта тең чындыктын үлүшү бар. Азыр эми бийликте жүргөндөрдүн теңине иш козголуп, калган жарымына козголбой жаткандай болуп жатат. Бул жерде тандалма саясат жүрүп жатат. Бирок коррупция менен тандалма, жасалма, коомчулукка жаман көрсөтүү жолу менен күрөшүү Атамбаевдин тушунда түптөлгөн. Азыр ошол жараян уланып жатат. Бул жакшы нерсе эмес. Аягы бир чоң саясий чырга айланып кетиши ыктымал. Илмияновго жана башкаларга каршы жасалган аракеттин аягы - Атамбаевге эле багытталган жүрүш.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Икрам Илмияновго "Манас" орденин тапшырууда. 22-ноябрь, 2017-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Икрам Илмияновго "Манас" орденин тапшырууда. 22-ноябрь, 2017-жыл.

Соңку окуялардан улам Икрамжан Илмияновдун президенттик жана парламенттик шайлоодогу ролун эстегендер болду. Депутат Жанарбек Акаев Илмияновдун Атамбаевге жаккан, коомчулук анча биле бербеген адат-мүнөзү, жөндөмү тууралуу айтып берди:

- Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда, дегеле саясатта жүргөндө "мени Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде, башкача айтканда, түштүктө эл колдобойт" деген түшүнүк менен жашап, ошол жакты көзөмөлдөп, катуу мыкчып кармаш үчүн ушул Икрам Илмиянов деген фигураны жаратты. Мен байкагандан Илмияновдун кадр саясатында эстутуму аябай жакшы болчу. Маселен, Ак-Талаанын акиминин орун басарын айтсаң, ал кимдин кудасы экенин, кайсы жылы кайсы партияга мүчө болгонун так айтып коет. Ысык-Көлдөгү же Баткендеги бир майда кызматкерди айтсаң деле "ал баланчанчы жылы "Ата Мекенге” (же "Ак жолго") мүчө болгон, баланчанын кудасы" деп так айтып койгон өзүнчө бир таланты бар болчу. Ошондуктан аны Атамбаев такай жанында кармачу.

Жанарбек Акаев Икрамжан Илмияновдун камалышынан азыркы президент Сооронбай Жээнбековго жакын адамдар сабак алышы керек деп эсептейт:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Бул, биринчиден, так ошол Сооронбай Жээнбековдун командасына эң чоң коңгуроо. “Азыр утурумдук чоң бийликте болушуң мүмкүн, сотторду же күч органдарын каалагандай башкарышың мүмкүн, бизнести кармашың мүмкүн, шайлоодо тизме түзүшүң мүмкүн, бирок мунун баары убактылуу. Президентке чындыкты жеткирип, аны туура жолдон адаштырбай, аны жакшы жакка багыттоо - анын жанындагылардын иши. Азыр сен бардык маселени чечишиң мүмкүн, бирок канча бир жылдан кийин качып кеткен жериңден кармап келип, ордуң түрмөдө болушу мүмкүн” деп, мындан кийинки өлкөнү башкара тургандарга сабак болушу керек. Атамбаевдин убагында кайдагы бир жансакчынын кабылдамасында интеллигенция өкүлү жалдырап отурган учуруна кептелдик. Ошону коом кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, керек болсо кайсы жерде болбосун, жакшылык-жамандыкта, мамлекеттик иш-чараларда түшүнүгү жок, билими тайкы, бирок президент менен жакшы мамиледеги жансакчылар төрдө отурган, аларды периштедей бөпөлөгөн учурларга чейин келип калдык. Ошол эле айрым депутаттар Икрамжан Илминяовго кирип чыкканына, кофе ичип 15 мүнөт отурганына төбөсү көккө жеткенче сүйүнүп, жетине албай бизге айтып берип, жакшы кабыл алганын айтып мактанып, ал тургай чала-була "жууп" да жиберген учурлар болчу. Азыр эми ошол эле депутаттар “Ак үйдүн” бурч-бурчунда "Илмиянов ушуну көрмөк" деп табалап отурушат. Карапайым эл болобу, депутат болобу, айтор өкмөт мүчөлөрүнө, премьер-министрлерге чейин Илмияновдун кабылдамасында турушчу.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров Икрамжан Илмияновдун камалышын коррупцияга каршы күрөш менен байланыштырды жана коомчулукту саясатташтырбоого чакырды:

Төрөбай Зулпукаров.
Төрөбай Зулпукаров.

- Азыр эми бизде кандай гана маселе болбосун дайыма сын-пикирлер айтылган мезгил да. Негизинен мыйзам иштеп, укук коргоо органдары так аныктап, сот акыйкат чечим чыгарып берсе жакшы болот. Ким күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныктайт. Ошондуктан алдын-ала тыянак чыгарбасак. Икрам Илмияновдун өтө таасирлүү болгону баарына эле белгилүү болчу. Атамбаевдин тушунда өтө таасири күчтүү адам болгон. Ошондуктан ызы-чуу, уу-дуу, талаш-талкуунун баары эле ушугу байланыштуу. Кандай таасири болбосун, кандай адам болбосун азыр коррупцияга каршы аракеттер башталды. “Партиялашым, тууганым” деген нерселер туура эмес болуп калат экен. Илмияновдун бөгөт чарасы башкача болуп калса дагы башка сөздөр чыкмак эле. Мен ал кишиге жамандык каалаганым жок. Соттон акталып кетишин каалайм. Бирок ошого карабай мыйзам иштеши керек. Бул бир жагынан ар бир аткаминерге, депутатка сабак болуп калып жатат. Азыр ар бирибиз "кандай таасириң болсо да мыйзам алдында жооп бере турган учуруң келип калышы мүмкүн" деп ойлонушубуз керек. Бул өтө жакшы нерсе.

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков кыргыз саясатындагы көмүскө таасирлүү адамдардын пайда болгон себептерин санады:

Даниэл Кадырбеков.
Даниэл Кадырбеков.

- Президенттер формалдуу институттарды аттап өтүш үчүн ар дайым формалдуу эмес адамдарды колдонушкан. Формалдуу институттар өз ишин аткарып, жопкерчилигин сезип, мыйзам алдында жооп берип каларын билсе, Икрамжан Илмияновго же дагы башка "серый кардиналга” (көмүскө башкаруучуга – ред.) көрсөтмө бергенге жол берилмек эмес. Бизде президенттер расмий институттарды өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин мыйзамдаштырыш үчүн гана колдонушкан. Илмияновдун кадр саясатына кийлигишкени боюнча укмуш эле сөздөр айтылып жүрбөйбү. Бул бизде расмий бийликтин күчүнүн жоктугу маселелер формалдуу эмес адамдар, "көмүскө башкаруучулар" аркылуу чечилип келгенинен кабар берет. “Өкмөт башчыдан тартып, өкмөт мүчөлөрүн дайындоого чейин Икрам аркылуу чечилип калган” деп айтылып жүрөт. Бул ошол кездеги парламент президентке баш ийип, бардык чечимдерди тегерегиндеги адамдар кабыл алып калганынын белгиси. “Кимде бийлик болсо, анын менен жаңжалдашпайын, билгенин кылышсын” деп башын катып отуруп алган менен маселе чечилбейт. Ошондуктан парламент болобу, саясатчылар болобу, бүгүн Кудай көрүнгөн адамдарга баш ийбей, мыйзамдын, жалпы элдин кызыкчылыгын көздөшсө жакшы болмок.

Экс-президент ​Алмазбек Атамбаев буга чейин Икрамжан Илмиянов тууралуу айтылган сөздөрдүн баарын четке кагып жүргөн. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) анын камалышын "саясий шоу" деп сындаганга да жетишти.

Мындан тышкары, КСДП Алмазбек Атамбаев ушул күндөрү Орусияга бара турганын кабарлады. Анда экс-президент кайра Кыргызстанга сөзсүз кайтып келе турганы баса белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG