Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:09

Жогорку Кеңештин комитети акыйкатчынын баяндамасын угат


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 2017-жылдагы адам укуктары менен эркиндигинин сакталышы боюнча акыйкатчынын баяндамасын угат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам боюнча акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт жана парламентте жылдык баяндамасы "канааттандырарлык эмес" деп табылса, мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетет.

Кубат Оторбаевге чейинки эки акыйкатчы Турсунбек Акун менен Бакыт Аманбаевдин ишин парламент "канааттандыралык эмес" деп мөөнөтүнөн мурда кетирген. Кызматынан өз каалоосу менен кеткен акыйкатчы Оторбаевге карата да парламент ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүп, ошол бойдон токтоп калган.

Жогорку Кеңеш 26-сентябрда эки айдан бери орду бош турган акыйкатчы кызматына Токон Мамытовду шайлаган. Мамытов “Азаттыктагы” маегинде аялдардын, балдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоого басым жасаларын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG