Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Германия Саудияны курал менен жабдууну токтотконун ырастады


Германиянын канцлери Ангела Меркел Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз менен. 30-апрель, 2017-жыл.
Германиянын канцлери Ангела Меркел Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз менен. 30-апрель, 2017-жыл.

Сауд Арабиясын курал менен жабдууну токтотуп жатканын дүйшөмбү күнү Германиянын экономика министри Петер Альтмайер ырастады. Мындай ниетин канцлер Ангела Меркел жекшембиде билдирген. Саудиялыктарга курал сатуудан баш тартуу жөнүндө чечим журналист Жамал Хашогжинин (Хашоггинин) өлүмүнө байланыштуу болууда.

"Financial Times" басылмасынын жазганы боюнча, Германия менен Сауд Арабиясы 2018-жылы 400 млн. долларлык курал экспорттоо тууралуу макулдашкан. Берлин бул макулдашуу Эр-Рияд журналисттин өлүмүн кылдат иликтеп чыккан соң калыбына келерин билдирип жатат.

Сауд Арабиясы өзүнүн Стамбулдагы консулдугунда журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшүн “чоң жана коркунучтуу катачылык” деп баалап, ага жооптуулар жазага тартыларын билдирди. Бирок бул билдирүүлөр АКШ менен Түркияны ынандырган жок. Вашингтон менен Анкара "журналисттин өлүмү алдын ала пландалган" деп билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG