Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Армениянын премьер-министри мыйзам чыгаруучуларды “саботаж” үчүн айыптады


Никол Пашинян журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Ереван, 22-октябрь, 2018-жыл.
Никол Пашинян журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Ереван, 22-октябрь, 2018-жыл.

Өлкөнүн мөөнөтүнөн мурда кете турган парламенти Шайлоо кодексине өкмөт сунуш кылган алымча-кошумчалардын негизги бөлүгүн кабыл албай койгон соң Никол Пашинян 22-октябрда аларга ушундай доомат койду. Ал азыркы парламентте көпчүлүктү түзгөн саясий күчтүн аракетин өкмөттүн ишине “саботаж” кылуу, “өч алуу” деп мүнөздөдү.

Өкмөт 16-октябрда бекиткен сунуштар быйыл декабрда өткөнү жаткан мөөнөтсүз парламенттик шайлоону утурлай Улуттук жыйынга берилген. Өкмөттүн пикиринде, анын сунуштары шайлоону талаптагыдай өткөрүү максатын көздөйт.

Алардын бирине ылайык, Улуттук жыйындагы орундарды бөлүштүрүү механизми өзгөрүшү керек. Анткени учурдагы механизм мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы үчүн ыңгайлаштырылган деп эсептелүүдө.

Арменияда акыркы парламенттик шайлоо былтыр апрель айында болгон.

Бийликке быйыл майда элдик толкундоонун арты менен келген азыркы премьер-министр Никол Пашинян өткөн аптада кызматтан кеткенин жарыялаган. Бул кадамын ал азыркы парламентти таратып, жаңы шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү аргасы катары түшүндүргөн.

“Кызматтан кетүүнүн максаты - премьер-министрдин кызматынан баш тартуу, жоопкерчиликтен качуу эмес, тескерисинче, биз чогуу ишке ашырган, кыянатчыл эмес, элдик "баркыт" ыңкылабын аягына чыгаруу, парламенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүп, бийликти элге кайтаруу”,-деди Пашинян 16-октябрдын кечиндеги теле кайрылуусунда.

Армениянын 2015-жылы кабыл алынган акыркы Конституциясына ылайык, эгер өлкөнүн Улуттук жыйыны премьер-министрди эки жолу дайындабай койсо, ал таратылат жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо белгиленет. (UE)

XS
SM
MD
LG