23-октябрда Рим метросунун "Республика" станциясынын эскалатору бузулуп, 20 адам жабыркады. Алардын көбү Орусиядан келген футбол күйөрмандары экенин ANSA агенттиги кабарлады. Күбөлөр тарткан видеого караганда, станциянын эскалатору түрүлүп калган. Италиянын “La Repubblica” басылмасы бир адамдын буту жанчылып, кесилип калганын, сегиз киши оор жаракат алганын жазды.
ANSA агенттиги кырсыкка ЦСКА футбол клубунун күйөрмандары эскалатордо туруп алып, секирип бийлегени себеп болгонун маалымдаган. Бирок күбөлөр тарткан видеодо алардын секиргени байкалбайт.
Футбол күйөрмандары 23-октябрь күнү Римдеги “Олимпия” стадионунда Чемпиондор лигасынын тандоо оюндары үчүн боло турган “Рома” менен ЦСКАнын беттешине келишкен.