Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов билдирди. Анын айтымында, учурда кылмыш ишинин фигуранттары материалдар менен тааныша баштады. Бул жараян аяктагандан кийин иш сотко жөнөтүлөт.
Көркөм муз тебүүнүн чебери, Сочи Олимпиадасынын коло медалынын ээси, 2014-жылы туулган Денис Тен быйыл 19-июлда бычактан алган жараатынан каза тапкан.
Казак полициясы спортчу анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагандардын курмандыгы болгонун билдирген. Денис Тендин өлүмү үчүн үч киши: Нуралы Киясов, Арман Кудайбергенов жана Жанар Төлбаева айыпталууда. (UE)