Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Кыргызстанда токсондон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда иштеш үчүн 91 өлкөнүн жараны уруксат кагазын алган.

2018-жылы кыргыз өкмөтү 16 миң 490 чет элдик адиске квота бөлгөн. Азыркы күнгө 74% гана квота берилди. Анын 77% Кытай жарандарына берилген, бул 9241 адис. Андан кийин Түркия, Корея, АКШ, Вьетнам, Пакистан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн жарандары турат.

722 чет өлкөлүк жеке ишкерге Кыргызстандын базарларында иштегенге уруксат берилген. 2018-жылдын тогуз айында уруксат документтерин алгандыгы үчүн республикалык бюджетке 43,0 млн. сом түшкөн.

Башка өлкөдөн келгендердин жарымы Бишкекте иштейт. Кийинки орунда Жалал-Абад, Чүй, Ош облустары турат. Иммигранттардын көбү курулуш, тоо-кен, энергетика, соода, тамак-аш тармагында эмгектенишет. Мындан сырткары алар саламаттык сактоо, илим жана маданият тармагында да бар.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканын, Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып чыкты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG