Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:50

АКШ: Демократтарга жардыргыч зат салынган таңгак жөнөтүп турган шектүү кармалды


АКШда президент Доналд Трамптын оппоненттерине жардыруучу жабдык салынган кутучаларды жөнөтүүгө шектүү биринчи киши кармалды. Федералдык иликтөө бюросу – ФБР бул маалыматты "Твиттерде" бышыктады.

Бир катар маалымат агенттиктер шектүү Флорида штатында колго түшүрүлгөнүн жазышууда.

Акыркы бир нече күндө демократтардын өкүлдөрүнө жана Трамптын көрүнүктүү сынчыларына он эки чакты таңгак жөнөтүлгөн. Атап айтканда, экс-президенттер Барак Обама жана Билл Клинтон, мурдагы вице-президент Жо Байден, актер Роберт де Ниро, филантроп Жорж Соростун дарегине колго жасалган бомбалар жеткирилген же андай аракет көрүлгөн. Ал жардыргыч заттардан эч ким жабыркаган эмес.

Бийлик жабдыктарды жардыруу каралганбы же жөн гана коркутууну көздөшкөнбү белгисиз деп белгилейт.

XS
SM
MD
LG