Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Ошто көкбөрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу башталат


Көкбөрү. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Сентябрь, 2018-жыл.
Көкбөрү. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Сентябрь, 2018-жыл.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, спорттук иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулууда.

Мелдештер Ош шаарындагы "Төлөйкөн" ат майданында бүгүн, 29-октябрда башталып, 3-ноябрга чейин уланат.

Оюндарга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 9 команда катышат. Байге фонду эки миллион сом.

Иш-чаранын алкагында “Жаныбарым Гүлсары” деген ат оюндары да болот.

Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 12-декабрда 90 жашка чыкмак. (NT)

XS
SM
MD
LG