Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:17

Казакстан "Сирияда өлдү" деген казак аял тууралуу маалыматты текшерип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги “Сирияда казакстандык аялдын өлтүрүлгөнү” тууралуу маалыматты текшерип жатат. ТИМдин басма сөз катчысы Айбек Смадияров 29-октябрдагы брифингде бул маалыматтын булагы али аныкталбаганын, ошондуктан анын чын-төгүнүн тактоо убакытты талап кыларын билдирди. “Сирия аймагында мыйзамдуу жана мыйзамсыз жүргөн жарандарыбызга байланыштуу бардык маселени Иорданиядагы элчиликке тапшырабыз” деди Смадияров.

Өткөн аптада "Актөбө таймс" басылмасы Түндүк Кавказдагы Сириядан аялдар менен балдарды кайтарып келүү менен алектенген уюмга шилтеме кылып, “казакстандык үч аял башка бир казакстандык аял менен баланы акчасын тартып алыш үчүн өлтүргөнүн” кабарлаган.

Басылманын кабары боюнча, кийин ал үч аялды "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун согушкерлери кармап алып өлтүргөн.

Казакстандын ондогон жарандары Сирия жана Ирактагы согушкерлерге кошулуп кеткен, анын ичинде аялдар менен балдар да бар.

XS
SM
MD
LG