Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тилсиз жоонун зыяны, өрт эмнеден чыкканы жана канча аянт күйгөнү азырынча белгисиз. Эсептөө, тактоо иштери уланууда.
29-октябрда саат 16.30 чамасында Бишкектин Көк-Жар кичи районунун Куйручук көчөсүндө жайгашкан №3 көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан.
Тилсиз жоо бир сааттан кийин толук өчүрүлгөн. Ага карабай жаңы курулган имараттын бир бөлүгү күйүп кетти.