Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:35

Арменияда Пашинян премьер-министрликке кайра көрсөтүлдү


Никол Пашинян.
Никол Пашинян.

Бүгүн Арменияда премьер-министрликке талапкер көрсөтүүнүн акыркы мөөнөтү.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Никол Пашинянды премьерликке бул ирет "Царукян" жана "Елк" фракциялары, ошондой эле азыркы парламентте көпчүлүктү түзгөн Республикалык партиядан чыгып кеткен айрым депутаттар көргөзүштү.

Пашянан үчүн мыйзам жобосунда каралган бул жараянды басып өтүүдөгү максат - парламенттик шайлоонун мөөнөтсүз жарыяланышына жетишүү.

Буга чейин Армениянын Улуттук жыйыны 24-октябрда Пашинянды премьер-министрликке шайлай албай койгон. Бийликке быйыл майда элдик толкундоолордун натыйжасында келген Никол Пашинян 16-октябрда кызматтан кеткенин жарыялаган. Бул кадамын ал учурдагы парламентти таратып, жаңы шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү аргасы катары түшүндүргөн.

“Кызматтан кетүүнүн максаты - премьер-министрдин кызматынан баш тартуу, жоопкерчиликтен качуу эмес, тескерисинче, биз чогуу ишке ашырган, кыянатчыл эмес, элдик "баркыт" ыңкылабын аягына чыгаруу, парламенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүп, бийликти элге кайтаруу”,-деген Пашинян 16-октябрдагы телекайрылуусунда.

Армениянын 2015-жылы кабыл алынган акыркы Конституциясына ылайык, эгер өлкөнүн Улуттук жыйыны премьер-министрди эки жолу дайындай албай койсо, ал таратылат жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо белгиленет. (UE)

XS
SM
MD
LG