Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

"Asia World Film Festival" эл аралык кинофестивалы аяктайт


"Asian World Film Festival" сынагынын уюштуруучулары жана белгилүү актриса Анжелина Жоли. Калвер-сити, 2017-жыл.
"Asian World Film Festival" сынагынын уюштуруучулары жана белгилүү актриса Анжелина Жоли. Калвер-сити, 2017-жыл.

АКШнын Лос-Анжелес округунун Калвер-сити шаарында өтүп жаткан "Asia World Film Festival" эл аралык кинофестивалы бүгүн аяктайт. Иш-чара 24-октябрда башталган.

Анын алкагында кыргызстандык режиссер Руслан Акундун “Көк бөрү”, Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык”, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата залкар жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган үч тасма көрсөтүлдү. ​

Быйыл төртүнчү жолу өтүп жаткан иш-чарага катышып жаткан тасмалардын көбү “Оскар” жана “Алтын глобус” сыйлыктарына ат салышып жатат.

"Asia World Film Festival" Жогорку Кеңештин депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

XS
SM
MD
LG