Жарандарды чет өлкөгө жумушка жөнөткөн Бишкек шаарындагы “Оками” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Н.Нурланов алдамчылык боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады.
Анын маалыматында айтылгандай, аталган фирмага Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө жумушка орноштурууга байланыштуу лицензия 2017-жылы берилген. Мекеме бул чөйрөдөгү жобону сактабаганы үчүн быйыл май айында уруксат документи токтотулган. Ага карабай фирма өкүлдөрү мыйзам бузуу менен ишин улантып келген.
Алар жарандардан акча алып, чет жакка ишке орноштуруу жөнүндө убадасын аткарбай койгон. Натыйжада 340 миң сом, 1 миң 396 евро жана 300 доллары өлчөмүндө зыян келтирилген.
Мындан сырткары, Нурланов пайда табуу максатында жасалма диплом жана сунуштама каттарды жасап жүргөнү такталды.
Факт боюнча “Оками” фирмасынын жетекчисине Кылмыш-жаза кодексинин 180-166-350 (“Мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү”, “Алдамчылык”, “Документтерди жасалмалоо”) беренелери менен кылмыш иши козголду. Нурланов өзү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Финполиция аталган фирмадан жабыр тарткан адамдардан (0312) 323 091, 323 707 номерине кайрылууну өтүнөт. (ErN)