Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:10

Сабиров: Дамирбек Асылбек уулун көрмөксөн болуп жатабыз (видео)


2017-жылдын 22-ноябрында Дамирбек Асылбек уулуна (ортодо) КРнын Ардак грамотасы тапшырылган күнү тартылган сүрөт.
2017-жылдын 22-ноябрында Дамирбек Асылбек уулуна (ортодо) КРнын Ардак грамотасы тапшырылган күнү тартылган сүрөт.

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров парламент менен өкмөт Казакстанда кармалган мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун тагдырына көңүлкош мамиле кылып жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып айтты жана “өлкөнүн намысын спорттук аренада коргоп келген жаран кабылган окуяны көрмөксөн болуп койдук” деген оюн билдирди.

- Башка мамлекеттерде өз жараны чет жакта оор абалга туш келсе аны “кылмышкер” деп атап жатышса да коргоп, алып чыгып кетет. А биз Кыргызстандын желегин көтөрүп жүргөн жигитибизди ушинтип таштап койгонубуз туура эмес. Көрмөксөн болуп койдук.

Быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган эле. Казак бийлиги кармалгандардан "чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет" деп шек санаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган эле.

2-ноябрда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын өкүлдөрү Казакстанга барып, Асылбек уулунун сотуна катышып, мониторинг жүргүзгөнү жатышканын "Азаттык” радиосуна депутат Нурбек Алимбеков билдирген.

Асылбек уулу - грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Ал Азиянын Күрөш федерациясынын вице-президенти. (RK)

XS
SM
MD
LG