Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Астана шаарында Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин чектелүү курамдагы жыйынына катышты.
Кыргыз өкмөт башчысы кызматташуу боюнча Бишкектин позициясы өзгөрүүсүз калаарын, ал КМШ өлкөлөрүнүн интеграциясын бекемдөөнү, көп тармактуу форматта мамилени өнүктүрүүнү колдой турганын билдирди. Абылгазиев өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн негизги каражаты болуп эсептелген Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин мүмкүнчүлүгүн толук пайдалануу зарыл экенин белгиледи.
“Бул жагынан ишке пайдаланылбаган чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендиги жалпыбызга белгилүү. Өз ара соода жүгүртүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү колдогон жак катары, кыргыз тарап соодадагы ашыкча бөгөттөрдү жоюу жана коргоочу чараларды азайтуу боюнча ишти улантууну көздөйт”, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчылардын жыйынына Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев да келип, саммиттин катышуучулардын ишине ийгилик каалады. Жыйындын соңунда өкмөт башчылар он бештей документке жана келишимге кол коюшту. (ErN)